Вакансиялар
Тоң районун өнүктүрүү фонду
Жарыяланган датасы:
27.01.2022
Акыркы күн
Тоң райондук өнүктүрүү фондунун дирекциясы башкы адис кызмат ордуна сынак жарыялайт
Сынак эки этаптан турат: 1-документтерди кароо, 2-аңгемелешүү.
Кесиптик билимдин деңгээли: инженердик-техникалык жогорку билим(курулуш, архитектура, жерге жайгаштыруу ж.б.) жана техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча лицензиялуу адиске артыкчылык берилет.
Иш стажысы жана тажрыйбасы: жалпысынан тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Кесиптик компетентүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын “Эмгек”, “Бюджет” кодекстери, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 16.01.2023-жылдагы “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү жөнүндө” токтому ж.б. КР жалпы мыйзамдары, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдары.
Функционалдык милдеттери:
-арыздар, кайрылууларды каттайт
-электрондук кат алышууну уюштурат;
-фонддун иш кагаздарын жүргүзөт жана архивге өткөрүү иш аракеттерин көрөт;
-өтүнмө берүүчүдөн келип түшкөн долбоорлорду кабыл алат,өтүнмө ээсине тастыктоо берүү менен каттоодон өткөрөт;
-долбоордун долбоордук-сметалык документтерге шайкеш келүүсүнө жана долбоорлор боюнча берилген документтердин толуктугунун предметине талдоо жүргүзүп, корутунду даярдайт;
-аткарууга алынган долбоорлордун аткарылышы боюнча отчет даярдайт;
-Жобого ылайык келген долбоорлорду Байкоочу Кенештин кароосуна даярдайт;
-Фонддун иши тууралуу маалыматтарды даярдайт;
-квартал сайын расмий басылмаларда Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы тууралуу маалыматтарды жарыялайт, ошондой эле бул маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын веб-сайтына жана/же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сайтына жайгаштырат.
-зарыл учурда мамлекеттик сатып алуулар боюнча конкурстарга катышат;
-башкы бухгалтер жок учурда башкы бухгалтердин функционалдык милдеттери кошумча жүктөлөт;
Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-ишти пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү;
- кызматтык милдеттерин аткарууда зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу керек:
-фонддун аткаруучу директорунун атына бош кызмат ордуна кабыл алуу тууралуу өздүк арызы;
-кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (сүрөтү 4х6 2даана);
-резюме;
-өмүр баян;
-паспорт көчүрмөсү;
-билимин, квалификациясын, эмгек стажысын ырастаган документтердин нотариустан же мурунку иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 10 (Он) жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат.
Дареги: Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Атакан көчөсү №53, райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, 3-этаж, 2-кабинет, Тоң районун өнүктүрүү фондунун дирекциясы.
Байланыш телефондору: 0(3947) 91002; 0500066650