Улахол айыл өкмөтү
Жалпы маалымат:
Калк саны: 7634 адам, 100% кыргыз улутунда.
Аймактагы айылдар: Кара-Талаа, Оттук, Кара-Шаар, Шор-Булак, Туура-Суу.
Айыл өкмөтү түзүлгөн жыл: 1996.
Кеңеш депутаттары: 21.
Башчысы: Калыков Турусбек Ашымович.
Экономикалык көрсөткүчтөр (2024-жыл):
Өнөр жай өндүрүшү: 90,1 млн сом (өсүү 44,8%).
Калкка кызмат көрсөтүүлөр: 27,8 млн сом (өсүү 79,4%).
Товар жүгүртүү: 40,5 млн сом (өсүү 19,3%).
Жалпы экономикалык көрсөткүч: 158,4 млн сом (өсүү 41,8%).
Айыл чарба:
Эт: 1570 тонна, сүт: 5400 тонна, жумуртка: 224 миң даана.
Мал саны: Ири мүйүздүү мал – 6583, Жылкы – 4462, Кой – 26355.
Айдоо жерлери: 1825 га, сугат жери – 1325 га.
Айыл чарба техникалары: 27 даана.
Турак жай жана жер маселелери:
1550 үй-бүлөнүн турак жайы бар, 240 турак жайсыз.
2240 адам үлүш жер алган, 270 адам укуктуу болсо да албай калган.
Билим берүү:
5 мектеп иштейт, мугалимдер – 127, окуучулар – 1485.
Жаңы мектеп (2022) – Оттук айылында.
Эски мектеп (1966) – Кара-Талаа айылында (корпусу жараксыз деп көрсөтүлгөн).
Саламаттыкты сактоо:
5 ФАП иштейт (айрымдары 1960-жылдан бери), жалпы кызматкерлер: 15.
Эң жаңы ФАП – Шор-Булакта (2022-ж.).
Маданият жана коом:
5 клуб, 6 китепкана, 2 жыйындар залы, 2 спорттук аянтча, 3 тренажёр.
Коомдук уюмдар: Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши, Жаштар комитети, Ардагерлер кеңеши, Ата-энелер комитети.
Суу жана инфратүзүм:
Калктын 85% таза суу менен камсыздалган.
Суу түтүктөрү 2007–2019-жылдар аралыгында курулган.
Жөнөкөй ремонт талап кылынат.
Жакырчылык:
Жалпы 1320 үй-бүлө паспорттоштурулган.
Жакыр же жардамга муктаж үй-бүлөлөр – 153 үй-бүлө (10,1%).
Маселелер:
Жаңы бала бакча (Оттук, Шор-Булак, Туура-Суу).
Таза суу жетишсиздиги, сугат суунун тартыштыгы.
Жаңы мектеп, жер трансформациясы, электр маселеси.
Маданий мекемелердин жетишсиздиги (клуб, китепкана, спорт залдар).