16.04.2026

Кароолор: (4)

Жашыл мурас 2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №265-т “Жашыл мурас” улуттук кампаниясын андан ары илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтуу, айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу жана токой ресурстарын келечек муундар үчүн сактоо, ошондой эле токойлордун, бакчалардын, парктардын жана жашыл аймактардын аянтын кеңейтүү максатындагы тескемесин ишке ашыруунун алкагында 2026-жылдын 15-апрелинде Тон районунун Б.Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Үй айылында экологиялык мааниси зор иш-чара уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө «CAMP Алатоо» коомдук фондусунун жана "Бай-Боосун" жаратылыш коругунун колдоосу менен Жер-Үй айылынын Көк-Дөбө участогунун тескей бетине төмөнкүдөй көчөттөр отургузулду:
—1000 түп кызыл карагай,
—1000 түп Тянь-Шань карагайы,
— 100 түп жапайы алма көчөттөрү.

Жалпы 3 гектар аянт жашылдандырылып, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, жер кыртышын бекемдөөгө жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган олуттуу кадам жасалды.

Аталган иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, айыл тургундары жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышып, жалпысынан 250гө жакын адам тартылды. Иш-чара жамааттын биримдигин чыңдоого жана жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга өбөлгө түздү.

Белгилей кетсек, «CAMP Алатоо» коомдук фонду Борбордук Азиянын тоолуу аймактарында туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган долбоорлорду ишке ашырып, жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга, экологияны коргоого жана табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга олуттуу салым кошуп келет.

Мындай иш-чаралар мындан ары да улантылып, аймакта жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы иштер системалуу түрдө жүргүзүлөрү белгиленет.