27.03.2026
Кароолор: (3)
жарандык коргонуунун даярдык абалын баалоо иш-чарасы жүргүзүлдү
2026-жылдын 25–27-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси – Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын биринчи орун басарынын жетекчилиги астында Тоң районунун аймагында жарандык коргонуунун даярдык абалын баалоо иш-чарасы жүргүзүлдү.
2026-жылдын 25-март күнү Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын алдында жарандык коргонуу кызматтарынын жана техникаларынын даярдыгы боюнча кароо-сыноо (мониторинг) өткөрүлдү. Кароонун жүрүшүндө ар бир кызмат өзүнүн даярдык деңгээли тууралуу маалымат берди.
Аталган баалоо иш-чарасына Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор М. Токтосунов катышып, жарандык коргонуу кызматтарынын, күчтөрүнүн жана каражаттарынын даярдык деңгээлин текшерүү жана баалоо иштерин жүргүздү.
Баалоонун жүрүшүндө жарандык коргонуу тутумунун уюштурулушу, өзгөчө кырдаалдарга карата даярдыгы, материалдык-техникалык камсыздалышы, ошондой эле тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсү каралды. Жыйынтыгында тиешелүү сунуштар берилип, аткарууга милдеттендирилген тапшырмалар коюлду.

