02.09.2025
Кароолор: (11)
Жаңы окуу жылы – билим реформасынын башаты

2025-жылдын 1-сентябрында Тоң районундагы Жоомарт Боконбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде жаңы окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү. Билим күнү ар жылы жаңы үмүттөрдү, максаттарды жана келечекке болгон ишенимди жаратып келет.
Иш-чарага окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер катышып, мектеп жамааты майрамдык маанайда болушту. Мектеп директору Тунук Сагынбековна Сагынбекова окуучуларды билимге умтулуу менен окууга чакырып, мугалимдерге чыгармачылык ийгилик каалады. Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Нурия Төлөнгүтова да жамаатты куттуктап, билим берүү тармагы өлкөнүн келечегин аныктоочу негизги багыт экенин белгиледи.
Майрамдык программа окуучулардын ыр-күүлөрү жана сахналык көрүнүштөрү менен коштолду. Ошондой эле мыкты окуучулар «Хюндай Элевейторс» ЖЧКсынын жетекчиси Рахат Жунушбаеванын атынан стипендияларга ээ болушту. «Экология балдардын көзү менен» аттуу республикалык сынакта ийгиликке жетишкен окуучулар да министрликтин ардак грамоталары менен сыйланышты.
Билим берүү тармагындагы улуттук реформалар
2025–2026-окуу жылы Кыргызстан үчүн өзгөчө тарыхый учур болуп калды – өлкө 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өттү. Бул кадам жаңы мамлекеттик стандарттарга, жаңыланган окуу китептерине жана заманбап санариптик технологияларга негизделет.
Бардык мектептерде жаңы мамлекеттик стандарттар киргизилди;
1–12-класстар үчүн окуу китептери, иш дептери жана электрондук версиялар даярдалды;
90 миңден ашык мугалим кесиптик жаңылоодон өттү;
27 миң мугалим «Алтын Казык» ноутбуктары менен камсыз болду;
Электрондук күндөлүк жана санариптик платформалар ишке киргизилди;
63 мектеп жана 19 бала бакча пайдаланууга берилди.
Жаңы билим берүү түзүлүшү 6+3+3 моделине негизделет: башталгыч – 1–6-класстар, негизги – 7–9-класстар, орто – 10–12-класстар. Биринчи бүтүрүүчүлөр 2036–2037-окуу жылында мектепти аякташат.
Президенттин демилгелери
Президент Садыр Жапаров өз кайрылуусунда билим берүүнү мамлекеттин келечегин аныктоочу башкы фактор катары белгилеп, мугалимдердин ролуна жана жаңы окуу китептерине, санариптештирүү аракеттерине өзгөчө көңүл бурду. Президенттин «Алтын казык» программасы билим берүү системасынын символу катары бааланууда.
Тоң районундагы жаңы шарттар
Жергиликтүү деңгээлде билим берүү системасы жаңы муундагы окуу китептери, стипендиялык демилгелер, конкурс жана сынактар менен толукталууда. Санариптик жабдуулар жана жаңы методикалык колдонмолор мугалимдердин ишин жеңилдетип, билимдин сапатын жогорулатууга шарт түзүүдө.
2025–2026-окуу жылы Тоң районунда билим берүүдө жаңы баскычтын башталышы болуп, келечек муундун интеллектуалдык жана социалдык өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты.