18.09.2025

Кароолор: (77)

ЫСЫК-КӨЛДҮН БАЛЫК ЗАПАСТАРЫН БАЙЫТУУДА ТОҢ МАМЛЕКЕТТИК ИШКАНАСЫНЫН САЛЫМЫ

Ысык-Көлдүн экологиялык балансынын жана биоресурстарынын сакталышы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Балык запастарынын табигый калыбына келүүсү акыркы жылдары жайлап баратканына байланыштуу, жасалма өстүрүү жана көлгө кое берүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул багытта Тоң мамлекеттик балык өстүрүү ишканасы негизги ролду ойноодо.

2025-жылы бул ишканада 9 миллионго жакын балыктын личинкалары өстүрүлүп, алардын ичинен 6 миллиону июнь айында көлгө кое берилди. Учурда сентябрь айында дагы 1 миллион 200 миңден ашык карп жана сазан личинкалары Ысык-Көлгө салынууда.

Улук илимий кызматкер, ихтиолог-гидробиолог Эрнист Коңурбаевдин эсебинде, коюлган балыктардын болгону 10 пайызы гана жетилип калса, орточо 120 миң тонна балык көлдө топтолот. Бул көрсөткүч азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда жана балык чарбасын өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ.

Регионалдык балык заводуна жетекчилик кылган Максатбек Абидеевдин айтымында, быйыл үч ирет ар түрдүү балыктар — форель, карп жана башкалар көлгө кое берилди. Личинкалар негизинен Чүй облусунан алынып келип, Тоң ишканасында багылып, андан кийин Ысык-Көлгө салынууда.

Бул иштердин экологиялык жана социалдык мааниси чоң. Балык запастары жаңыланып, экологиялык баланс сакталууда. Ошондой эле аймакта жумуш орундарын түзүүгө жана туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө жаралууда.

Тоң мамлекеттик балык өстүрүү ишканасынын иши Ысык-Көлдүн биологиялык ресурстарын сактоого, улуттук азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана келечек муундар үчүн жаратылыш байлыгын калтырууга багытталган.