02.10.2025
Кароолор: (64)
УЛГАЙГАН АДАМДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ
1-октябрь күнү дүйнө жүзү боюнча Улгайган адамдардын Эл аралык күнү белгиленип келет. Бул дата БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1990-жылы кабыл алынып, ар бир мамлекетте улуу муунга болгон урмат-сыйды көрсөтүүнүн, алардын коомдогу ордун белгилөөнүн маанилүү күнүнө айланган.
Тоң районунда да бул күнгө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Бактыбек Осмонов, айыл өкмөт башчылары жана социалдык тармактын жетекчилери чогуу болуп, 100 жашка чыккан аксакалдардын үйлөрүнө барып, алардын турмуш шарты менен таанышышты. Улуу муун өкүлдөрүнө майрамдык куттуктоо айтылып, акчалай жана баалуу белектер тапшырылды. Учурда райондо 100 жашты көргөн 2 жаран, 98–99 жаштагы 4 жаран каттоодо турат. Жалпысынан болсо Тоң районунда 5698 улгайган адам жашайт.
Кыргызстанда улгайган жарандардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылдын башына карата өлкөдө 702 миң эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдар бар. Бул жалпы калктын 10 пайызын түзөт. Алардын ичинен 63 жаштан жогору курактагы эркектер 230 миң болсо, 58 жаштан жогору курактагы аялдар 472 миңди түзөт. Аялдардын саны эркектерге салыштырмалуу эки эседен ашык, бул алардын орточо жашоо узактыгына жана пенсияга эртерээк чыгышына байланыштуу.
БУУнун классификациясы боюнча, эгерде калктын 7 пайыздан ашыгы 65 жаштан жогорку адамдар болсо, ал коом улгайган калк категориясына кирет. Кыргызстан бул көрсөткүчкө жакындап калды: 2025-жылдын башында 65 жаштан жогору жарандардын үлүшү 6 пайыздан ашты.
Быйылкы жылдын темасы – улгайган адамдардын коомдогу активдүү ролун таануу. БУУнун баш катчысы Антониу Гутериш белгилегендей, улуу муун өкүлдөрүнүн үнү саясатта, коомдук жашоодо, укук коргоодо угулушу керек. Алар өзгөрүүлөрдүн коштоочусу, адилеттүү жана туруктуу коом куруунун маанилүү бөлүгү.
Кыргызстанда 2024-жылдын аягына карата Социалдык фонддо 846 миң пенсионер катталган. Алардын ичинен 77 пайызы курагы боюнча пенсия алуучулар. 2024-жылы орточо пенсиянын өлчөмү 10 717 сомду түзүп, жашоо минимумунан 52 пайызга жогору болду. Социалдык фонддун чыгымдарынын 86 пайыздан ашыгы пенсиялык камсыздоого жумшалган.
Эл аралык карылар күнүн белгилөө – бул майрамдык гана эмес, ойлонууга чакырган күн. Улгайган адамдарга кам көрүү – ар бирибиздин милдетибиз. Улуу муун – тарыхтын күбөсү, тажрыйбанын булагы жана коомубуздун моралдык тиреги.



