14.05.2026

Кароолор: (6)

“Үй-бүлөнү, анын ичинде өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо жумалыгы”

Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын 29.04.2026-ж. №99 тескемеси менен Тоӊ районунун аймагында 2026-жылдын 11-майынан 16-майына чейин “Үй-бүлөнү, анын ичинде өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо жумалыгы” жарыяланып, райондук иш-чара планы бекитилген.

Ага ылайык, бүгүн, 2026-жылдын 14-май күнү зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Б.Мамбетов, М.Дөгдүров жана Ж.Турусбеков атындагы мектептеринде жогорку класстын окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин катышуусунда тарбиялык, түшүндүрүү жана профилактикалык жолугушуулар өткөрүлдү.

Иш-чарага Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Г. Шаршенбек кызы, Тоӊ районунун прокурорунун жардамчысы С. Бейшенбеков, Тоӊ райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы М. Кыдырбаев, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын адистери, ошондой эле ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө үй-бүлөдөгү ынтымакты сактоо, жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу, зордук-зомбулуктун кесепеттери жана балдардын укуктарын коргоо боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер тарабынан окуучуларга жана ата-энелерге психологиялык колдоо көрсөтүүнүн мааниси, коопсуз жүрүм-турум эрежелери жана үй-бүлөдөгү туура баарлашуунун ролу тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле катышуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү адистер тарабынан жооптор жана практикалык сунуштар айтылды. Мындай иш-чаралар коомдо зомбулуктун алдын алууга, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга багытталгандыгы белгиленди.

Ошондой эле “Акыркы коңгуроо” иш-чарасына байланыштуу ата-энелерге, мугалимдерге жана окуучуларга акча каражаттарын чогултууга, ошондой эле экскурсияларга барууга жол берилбей тургандыгы боюнча түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү.