13.05.2026

Кароолор: (5)

“Үй-бүлөнү, анын ичинде өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо жумалыгы”

Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын 29.04.2026-ж. №99 тескемеси менен Тоӊ районунун аймагында 2026-жылдын 11-майынан 16-майына чейин “Үй-бүлөнү, анын ичинде өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо жумалыгы” жарыяланып, райондук иш-чара планы бекитилген. Ага ылайык, бүгүн, 2026-жылдын 13-май күнү Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жыйындар залында тобокелдик тобундагы үй-бүлөлөр менен иш алып баруу максатында «Сый-урмат жана чек ара – коопсуз үй-бүлөнүн пайдубалы» аталышындагы семинар болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө үй-бүлөдөгү өз ара сый-урматты бекемдөө, балдардын укуктарын коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана өспүрүмдөр менен туура мамиле түзүү боюнча кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле катышуучуларга психологиялык колдоо көрсөтүүнүн жолдору, үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү ыкмалары түшүндүрүлүп, адистер тарабынан пайдалуу кеңештер айтылды.

Иш-чарага Тоӊ райондук малекеттик администрациясынын, Тоӊ районунун прокуратуранын,  айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын адистери, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Катышуучулар семинардын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай жолугушуулар коомдогу ынтымакты жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө чоң өбөлгө болоорун айтышты.