27.03.2026
Кароолор: (3)
үй-бүлөгө жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту, балдарга карата кылмыштуулукту жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу максатында «Коопсуздук — биздин тандоо» аттуу форум болуп өттү
2026-жылдын 25-март күнү Тоӊ райондук жыйындар залында үй-бүлөгө жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту, балдарга карата кылмыштуулукту жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу максатында «Коопсуздук — биздин тандоо» аттуу форум болуп өттү.
Форумга Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.Осмонов, Тоӊ районунун прокурору К.Каримов, Тоӊ райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Ш.Илимгазиев, райондук билим берүү бөлүмү, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү, жогорку класстын окуучулары жана ата-энелер активдүү катышышты.
Иш-чаранын алкагында балдардын укуктарын коргоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы туруу жана коомдо коопсуз чөйрө түзүү маселелери кеңири талкууланды. Тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү тарабынан алдын алуу иш-чаралары, мыйзам талаптары жана жоопкерчилик тууралуу маалыматтар берилди.
Ошондой эле форумда турмуштук мисалдар келтирилип, жаштар арасында кылмыштуулуктун себептери жана анын кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Катышуучулар өз ойлорун билдирип, суроолорун берип, адистерден керектүү кеңештерди алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө театралдаштырылган сценка көрсөтүлүп, анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана кайдыгер мамиленин кесепеттери таасирдүү чагылдырылды. Бул көрүнүш көрүүчүлөргө чоң таасир калтырып, ар бир адамды ойлондурган маанилүү сабак болду.

