24.07.2025

Кароолор: (68)

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БАШКАРУУНУН ҮЛГҮСҮ

2025-жылдын орто ченинде Тоң району Ысык-Көл облусунун батыш дарбазасы катары социалдык-экономикалык туруктуулукту, максаттуу өнүгүүнү жана натыйжалуу башкарууну камсыздап жаткан аймак катары белгиленип келет. Бул өнүгүү бардык тармактардагы ырааттуу аракеттердин жана жарандар менен бийликтин натыйжалуу кызматташуусунун жемиши болуп саналат.

2025-жылдын 23-июль күнү Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондук администрациянын башчысы-аким Бактыбек Арапбевич Осмоновдун төрагалыгы алдында кезектеги коллегия жыйыны болуп өттү. Коллегиянын ишине мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар, финансы жана экономикалык бөлүмдөрдүн жетекчилери, муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү, салык кызматынын адистери жана жайыт комитеттеринин төрагалары катышты.

Коллегия жыйынында 2025-жылдын биринчи жарым жылындагы Тоң районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча маалыматтар угулуп, тиешелүү тапшырмалар берилип, алдыдагы максаттар белгиленди. Ошондой эле, айрым жетекчилердин жана айыл өкмөт башчыларынын ишинде кетирилген кемчиликтери үчүн тартиптик чаралар колдонулду.

Социалдык инфраструктура – турмуш сапатынын негизги көрсөткүчү

Райондо билим берүү, саламаттык сактоо, таза суу менен камсыздоо, социалдык тейлөө тармактарында бир катар маанилүү иштер аткарылууда. Жаңы мектептер, бала бакчалар, спорт жана маданият объекттери тургузулуп, жергиликтүү элдин турмуш шартын жакшыртууга өбөлгө түзүлүүдө.

Аймакта инфраструктураны жакшыртуу менен катар билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасы жаңыланып, жаш муундун чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо мекемелерин оңдоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу аракеттери жүрүп жатат.

Айыл чарба – Тоң экономикасынын негизи

Айыл чарба тармагы Тоң району үчүн артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. Жерди натыйжалуу пайдалануу, кооперативдерди өнүктүрүү, мөмө-жемиш жана мал чарбасын колдоо боюнча иштер уланууда. Сугат системасын жакшыртуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу — бул багыттагы негизги кадамдардын бири.

Туризм – аймактык өнүгүүнүн потенциалы

Тоң району – жаратылыш кооздугу жана көл жээгиндеги эс алуу жайлары менен туристтер үчүн жагымдуу аймак катары калыптанып келе жатат. Туризмди өнүктүрүү боюнча инвестициялык шарттарды жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана тейлөө сапатын жогорулатуу багытында бир катар иштер аткарылууда.

Биргелешкен аракет – ийгиликтин негизги формуласы

Коллегия жыйынынын жүрүшүндө белгиленгендей, жетишкен ийгиликтер бир гана мамлекеттик администрациянын эмес, жалпы жамааттын, жарандык коомдун жана ар бир мекеменин биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгы болуп саналат. Алдыда жаңы милдеттер, стратегиялык кадамдар жана приоритеттүү долбоорлор турат.

Тоң районунун башкы максаты – бүгүнкү жетишкендиктерди бекемдөө жана ар бир жаран үчүн татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуу. Бул багытта ачык башкаруу, жарандык диалог жана жоопкерчилик негизги принциптер катары сакталууда.