15.08.2025

Кароолор: (67)

ТОҢДО ЭЛ АРАЛЫК МАДАНИЙ ФЕСТИВАЛЬ БАШТАЛДЫ

2025-жылдын 15-август күнү Ысык-Көлдүн тескей жээгинде жайгашкан «Каньон Сказка» аймагында TON FEST эл аралык этно-заманбап музыка жана маданият фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Бул иш-чара аймактын туризмин өнүктүрүү, улуттук маданий мурастарды даңазалоо жана дүйнөлүк искусствонун мыкты үлгүлөрүн таанытуу максатын көздөйт.

Ачылыш аземине бир катар расмий коноктор жана белгилүү коомдук ишмерлер катышты. Алардын катарында Тоң райондук администрация башчысы – аким Осмонов Бактыбек Арапбаевич, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Бейшеналиев Мирланбек Муктарович, ошондой эле белгилүү маданият ишмери, обончу жана коомдук ишмер Ибрагим Жунусуов болду.

Өз сөзүндө Бактыбек Осмонов фестивалдын Тоң району үчүн маанисине токтолуп, мындай иш-чаралар аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жергиликтүү экономиканы чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал ошондой эле маданий туризмди өнүктүрүү багытындагы мамлекеттик жана жергиликтүү демилгелерди колдоого даяр экенин айтты.

Министрлик өкүлү Мирланбек Бейшеналиев айыл чарба жана туризм тармактарынын өз ара байланышын белгилеп, аймактык өнүгүүдө маданий иш-чаралардын мааниси зор экенине токтолду. Анын айтымында, мындай фестивалдар жергиликтүү өндүрүүчүлөргө өз продукциясын таанытууга жана сатууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Белгилүү искусство ишмери Ибрагим Жунусуов катышуучуларга жана конокторго кайрылып, маданияттын элдерди бириктирүүдөгү ролун баса белгиледи. Ал улуттук өнөрдү жана замандын жаңылыктарын айкалыштырып, жаштарга жаңы дем берүү керектигин белгилеп өттү.

Фестивалдын алкагында этно-музыка, заманбап аткаруучулардын концерти, улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана туризмди таанытуу максатындагы интерактивдүү программалар уюштурулду.

TON FEST — бул Тоң районунун гана эмес, бүтүндөй Ысык-Көл облусунун туристтик бренддеринин бири болууга багыт алган масштабдуу долбоор. Анын өткөрүлүшү өлкөнүн маданий-экономикалык өнүгүүсүнө жана эл аралык таанымалдуулугуна оң таасир берет.