16.10.2025
Кароолор: (44)
Тоң районунда “Зомбулуктан коргоо жумалыгы” башталды
2025-жылдын 13–19-октябры аралыгында Тоң районунда “Зомбулуктан коргоо жумалыгы” өткөрүлүүдө. Бул иш-чаранын негизги максаты — жарандарды зордук-зомбулуктан коргоо, үй-бүлөлүк жана коомдук тынчтыкты бекемдөө, адам укуктарын урматтоону күчөтүү.
Жумалык Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин тиешелүү тескемесине ылайык өткөрүлүп, ага айыл аймак башчылары, билим берүү уюмдары, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, ички иштер бөлүмү, жалпы дарыгердик практика борбору жана №81 кесиптик лицей тартылган.
Бул багытта калк менен жолугушуулар, окуучулар менен тегерек столдор, түшүндүрүү иш-чаралары жана маалыматтык кампаниялар уюштурулуп жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга, айрыкча аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүүдө мыйзамдык укуктар жана социалдык коргоо чаралары тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Тоң районунун акими Бактыбек Осмонов белгилегендей, зомбулукту алдын алуу боюнча ар бир жарандын жарандык жоопкерчилиги жогору болушу керек. “Зордук-зомбулук — бул бир үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү. Аны токтотуу үчүн ар бир адамдын катышуусу маанилүү”, — деди ал.
Жумалыктын соңунда бардык мекемелер аткарылган иштер боюнча маалыматты Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү секторуна тапшырышат. Ал эми жыйынтык материалдардын негизинде райондук деңгээлде кошумча чаралар иштелип чыгат.
Бул демилге адам укугун коргоо, тынчтыкты жана бейпил жашоону камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп саналат. Тоң районунда мындай алдын алуу иштери мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.







