14.01.2026
Кароолор: (70)
Тоң районунда жол жана социалдык объектилердин курулушу жеринде көзөмөлдөндү
2026-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Балыкчы – Бөкөнбаев – Барскоон унаа жолунун реконструкциялоо иштерин тездетип бүткөрүү боюнча берген тапшырмасына ылайык, жеринде көзөмөл жүргүзүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Кыдырууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.К. Арпачиев, Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б.А. Осмонов жетектеген райондук комиссиянын мүчөлөрү, Тоң районунун прокурору жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тоң райондук бөлүмүнүн башчысы катышты.
Комиссия Тоң районунун Жети-Өгүз району менен чектешкен аймактан тартып Балыкчы шаарына чейинки аралыкта жол куруу иштерин жүргүзүп жаткан подряддык уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Курулуш иштеринин жүрүшүнө баа берилип, жумуштун темпин күчөтүү, кошумча жумушчу күчүн тартуу жана атайын техникалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле Улахол айыл өкмөтүнүн Кулун участкасында курулуп жаткан Тоң районунун стелласынын курулуш абалы каралды. Аталган участок административдик-аймактык реформадан кийин Балыкчы шаары менен Тоң районунун чек арасы катары бекитилген.
Мындан тышкары, Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында курулушу толук аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилүүгө даярдалып жаткан спорт комплексинин абалы текшерилди. Бул объект жаштардын спорт менен машыгуусуна шарт түзгөн маанилүү социалдык объект болуп саналат.
Тоң районунун мамлекеттик администрациясы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган бардык курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча көзөмөл иштерин улантат.





