13.11.2025

Кароолор: (71)

ТОҢ РАЙОНУНДА ВИЧ\СПИД КАРШЫ КҮРӨШҮҮНҮН БИР АЙЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

2025-жылдын 12-ноябрынан 12-декабрына чейин Тоң районунда АИВ/КИЖСка каршы күрөшүүнү бир айлыгы жарыяланды. Бул акция Бүткүл дүйнөлүк КИЖСка каршы күрөшүү күнүнө жана калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Кыргызстанда 2025-жылдын башына карата катталган ВИЧ учурлары 14 323ди түзөт.

СПИД оорусу боюнча өлкөдөгү абал
2025-жылдын 1-июлуна карата 18 жашка чейинки 878 баланын ВИЧ диагнозу катталган. Алардын 90 %ы 14 жашка чейинкилер. 52 %ы балдар парентералдык жол менен (2006–2009-жылдары медициналык кызматтар аркылуу), 41 %ы энеден балага вертикалдык жол менен жуккан, ал эми 7 %ы учурларда жол тактала элек. Өлгөн балдардын жалпы саны 136ны түзөт.

Мамлекеттик органдардын колдоосу менен 397 балага бир жолку компенсация төлөнгөн (100 миң сомдон кем эмес). Бардык диспансердик каттоодо турган балдар медициналык жардамды акысыз алышат, анын ичинде антиретровирус терапиясы менен 95 %ы камсыздалган.

Аймактык өзгөчөлүктөр
ВИЧ көрсөткүчү 100 миң адамга эсептелгенде Бишкек, Ош жана Чүй облусунда эң жогору. Бул статистика каттоонун «аныкталган жер» боюнча жүргүзүлүшү жана ички миграциянын масштабы менен байланыштуу. Жаштар жана мигранттар арасында катталган учурлар алдын алуу жана тестирлөөнү күчөтүүнү талап кылат. Ал эми 2025 жылдын 1 Ноябрына карата Тоң районунда СПИДке чалдыккан 52 адам (32 эркек, 20 аял) катталган.

Тоң районундагы профилактикалык иш-чаралар
Айлык алкагында медициналык кызматкерлерге семинарлар, тренингдер жана дубал газеталар уюштурулат. Студенттер жана окуучулар лекциялар, видеороликтер, викториналар жана конкурстар аркылуу билим алышат. Мектеп окуучулары сүрөт тартуу, эссе жазуу жана дубал газеталар аркылуу сергек жашоо образын илгерилетет.

Китепканалар жана маданий жайлар көргөзмө-бурчтар жана жолугушуулар аркылуу калкты маалымдашат. Ачык эшик акциялары жана массалык маалымат каражаттары аркылуу профилактика маселеси коомчулукка жеткирилет. ММК ролу — калкты маалымдоо, профилактикалык программаларды илгерилетүү, тегерек столдор жана маалыматтык материалдар аркылуу коомчулукту кабардар кылууда маанилүү.

Эл аралык контекст жана мамлекеттик аракеттер
ЮНЭЙДС жана ВОЗдун маалыматына ылайык, дүйнөлүк коомчулук ВИЧ/СПИДке каршы аракеттерди кайра жандандырууну сунуш кылууда. Кыргызстанда негизги багыттар: райондук жана айылдык саламаттык сактоо системасын бекемдөө, тесттен өтүүгө жана дарылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, стигма жана дискриминацияны жоюу, ошондой эле балдар, жаштар, аялдар жана начар корголгон топторду камтуу болуп саналат.

СПИД — медициналык гана эмес, социалдык адилеттүүлүк, солидардуулук жана саясий эрк маселеси. Кыргызстан калкты маалымдоо, профилактика жана дарылоону камсыздоо аркылуу келечектеги муундардын саламаттыгына салым кошууну улантууда.