03.03.2026
Кароолор: (3)
Тоң районунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын отуруму өттү
2026-жылдын 2-мартында Тоң райондук мамлекеттик администрациясында калкты зордук-зомбулуктан коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелерине арналган координациялык комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Г. Шаршенбек кызы төрагалык кылды. Отурумга райондук прокуратуранын, ички иштер бөлүмүнүн, социалдык коргоо кызматтарынын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле айыл өкмөт башчылары катышты.
Күн тартибинде 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жана жер-жерлерде профилактикалык иштерди күчөтүү маселеси каралды.
Отурумда белгиленгендей, үй-бүлөлүк зомбулук физикалык таасир көрсөтүү менен гана чектелбейт. Мыйзамга ылайык, анын физикалык, психологиялык, экономикалык жана кароосуз калтыруу түрлөрү бар. Тиешелүү кызматтар тарабынан зомбулук фактыларын өз убагында аныктоо, каттоо жана мыйзам чегинде ыкчам чара көрүү зарылдыгы баса белгиленди.
Райондук прокуратуранын өкүлдөрү кайрылууларды кароодо мыйзамдуулукту так сактоо, коргоо ордерлеринин аткарылышын көзөмөлдөө жана жабырлануучулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маалымат беришти.
Айыл аймактарындагы жергиликтүү комитеттердин ишин жандандыруу, профилактикалык түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана социалдык кызматтар менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле билим берүү мекемелеринде жаш өспүрүмдөр арасында укуктук сабаттуулукту жогорулатуу, балдардын психологиялык абалын өз убагында аныктоо жана тиешелүү органдарга маалымдоо боюнча иш-чараларды күчөтүү сунушталды.
Отурумдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жооптуу кызматтарга конкреттүү милдеттер жүктөлдү.
Эске салабыз, зомбулук фактылары боюнча «102» жана «111» ишеним телефондору күнү-түнү иштейт. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу милдети болуп саналат.












