19.12.2025
Кароолор: (40)
ТОҢ РАЙОНУНДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ СЕМИНАРЫ ӨТТҮ
Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасынын негизинде Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн имаратында социалдык багыттагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Тоң райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен Күн-Чыгыш айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, айыл өкмөттөрүндө үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ортосунда тажрыйба алмашууга багытталды.
Семинардын максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштерди талдоо, натыйжалуу тажрыйбаларды жайылтуу жана тиешелүү түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү. Иш-чарага райондогу айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер жана жергиликтүү комитеттердин мүчөлөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө иш алып барган үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттин ишмердүүлүгү тааныштырылды. Анда комитеттин түзүмү, иш алып баруу тартиби, алдын алуу механизмдери, зомбулукка кабылгандар менен иштөө жол-жоболору жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташуу маселелери боюнча практикалык маалыматтар берилди.
Ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, жергиликтүү комитеттердин күнүмдүк ишинде колдонулуучу стандарттык формалар, иш алгоритмдери жана усулдук материалдар сунушталды. Бул материалдар үй-бүлөлүк зомбулукту өз убагында аныктоого жана тиешелүү чараларды көрүүгө багытталган.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мындай форматтагы тажрыйба алмашуулар жергиликтүү комитеттердин ишин жакшыртууда маанилүү экенин белгилешип, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди мындан ары да системалуу улантуу зарылдыгын белгилешти.



