09.10.2025

Кароолор: (31)

ТОҢ РАЙОНУНДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

Тоң районунда үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу багытындагы иштер системалуу түрдө жүргүзүлүүдө. Райондук мамлекеттик администрация мыйзамдык негиздерге жана улуттук стратегияларга таянып, ар бир жаран үчүн коопсуз жашоо шарттарын түзүүгө багытталган комплекстүү иш алып барууда.

2024-жылдын 7-августунда кабыл алынган “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” №161 Мыйзам адамдын кадыр-баркын жана коопсуз жашоо укугун камсыздоонун жаңы укуктук негизи болуп калды. Бул мыйзамга ылайык, ар бир зомбулук фактысы коомдук коопсуздук маселеси катары каралып, мамлекеттик жоопкерчилик жогорулады.

Тоң районунда бул мыйзам иш жүзүндө колдонулуп, ар бир кайрылуу жана факт боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө. Райондук социалдык кызматтардын маалыматына ылайык, акыркы үч жылда үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын саны азайган. Эгер 2023-жылы 68 жаран жабыркаса, 2024-жылы бул көрсөткүч 43кө чейин кыскарган. 2025-жылдын 1-октябрына карата 13 жабырлануучу жана 13 зомбулук көрсөткөн жаран катталган. Жалпысынан 74 учур боюнча убактылуу коргоо ордерлери берилген.

Мындан тышкары, балдардын укуктарын коргоо багытында да иш күчөтүлгөн. Райондо учурда 17 309 бала жашайт, алардын ичинен 65и камкорчулукта, 32си томолой жетим. 400 бала ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, анын 60ы ДЦП диагнозу менен жашайт. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 2 549 бала тартылып, камсыздоо деңгээли 57,9 пайызды түздү.

Жаштар арасында зомбулуктун алдын алуу максатында мектептерде түшүндүрүү иштери жана тренингдер өткөрүлүүдө. 2025-жылдын башынан бери 8 физикалык жана 6 психологиялык зомбулук учуру катталып, суицид жана сексуалдык зомбулук фактылары аныкталган эмес. Бул көрсөткүч алдын алуу иштеринин натыйжалуу жүрүп жатканын айгинелейт.

Ошондой эле райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан Күн-Чыгыш жана Ак-Терек айыл өкмөттөрүндө үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттер үчүн окутуулар уюштурулуп, атайын даярдыктан өткөн психологдор 13 үй-бүлөгө консультациялык жардам көрсөтүштү.

Жаңы мыйзамдын негизинде зомбулук физикалык гана эмес, психологиялык, экономикалык жана маалыматтык басым катары да каралат. Эми зомбулукка барган адам айып пул менен чектелбестен, кайра тарбиялоочу курстардан өтүүгө милдеттүү. Ошондой эле “бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, жабырлануучулар юридикалык, медициналык жана социалдык жардамды бир жерден ала алышат.

Тоң райондук мамлекеттик администрациясы бул багыттагы иштерди улантып, коомдо зомбулукка жол бербөө жана адамдын кадыр-баркын сактоо маданиятын калыптандырууну негизги максат катары кармоодо.