12.09.2025

Кароолор: (112)

ТОҢ РАЙОНУНДА ОРУП-ЖЫЮУ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Тоң районунда 2025-жылдагы түшүм жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Учурда айдоо аянттарынын 30 пайызы орулуп, негизги дан эгиндеринин түшүмү алынууда.

Быйылкы жыл дыйкандар үчүн аба ырайы жагымдуу болуп, жаанчыл мезгил эгиндин мол болушуна өбөлгө түздү. Арпа менен буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 25–33 центнерди түзүүдө. Бул көрсөткүч райондун айыл чарба тармагында орточо деңгээлден жогору экенин көрсөтүп турат.

Оруп-жыюу иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн Тоң районундагы 32 комбайн толук күч менен тартылып, кошумча башка райондордон дагы 7 комбайн жардамга чакырылды. Бул дыйкандарга түшүмдү мөөнөтүндө жыйнап алууга кеңири шарт түзүүдө.

2025-жылы район аймагында буудай 2 706 гектарга, арпа 2 636 гектарга, картошка 2 108 гектарга айдалган. Орточо түшүмдүүлүк күтүлгөн деңгээлде.

Мындан сырткары, тоют базасынын көлөмү да жетиштүү. Жалпы 9 928 гектардан орто эсеп менен 55 центнер түшүм жыйналат деп күтүлүүдө. Бул мал чарбасын өнүктүрүүдө чоң колдоо болуп эсептелет.

Айыл чарба Тоң районунун негизги экономикалык багыттарынын бири бойдон калып келет. Жергиликтүү дыйкандардын мээнеткеч эмгеги жана айыл чарбасын колдоо боюнча мамлекет жүргүзүп жаткан саясат райондун экономикалык туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү орунда турат.

Жыйынтыгында, дыйкандардын ар бир эмгеги район экономикасын гана эмес, жалпы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө да түздөн-түз салым кошуп жатат.