21.03.2026

Кароолор: (9)

ТОҢ РАЙОНУНДА НООРУЗ МАЙРАМЫ КЕҢИРИ БЕЛГИЛЕНДИ

2026-жылдын 21-март күнү Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Нооруз майрамына карата кеңири масштабдагы салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Майрам улуттук каада-салттарды даңазалоо, элдин биримдигин чыңдоо жана жаздын келишин шаңдуу тосуп алуу максатында уюштурулду.

Салтанатка Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Бактыбек Осмонов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер, ардагерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Расмий бөлүктө аким жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктап, ынтымак, береке, молчулук жана ийгиликтерди каалады. Ошондой эле районду өнүктүрүүгө салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирип, бир катар активдүү кызматкерлерге жана тургундарга сыйлыктарды тапшырды.

Майрамдын алкагында улуттук каада-салттарды чагылдырган «Боз үй кароо» сынагы жана улуттук тамак-аштардын көргөзмө-сынагы уюштурулуп, ар бир айыл аймак өзүнүн өзгөчөлүгүн даңазалады. Катышуучулар боз үйлөрдүн жасалгасына, улуттук буюмдардын жайгашуусуна жана дасторкондун көркүнө өзгөчө көңүл бурушуп, жогорку деңгээлде даярдык көрүшкөн. Жыйынтыгында мыкты деп табылган катышуучулар аныкталып, аларга сыйлыктар ыйгарылды.

Мындан тышкары, райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда элдик ырлар, улуттук бийлер жана сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Жаш таланттар менен катар тажрыйбалуу өнөрпоздор өз өнөрлөрүн тартуулап, майрамдык маанайды дагы да жогорулатышты.

Ошондой эле ар кандай спорттук оюндар жана улуттук мелдештер - аркан тартыш жана башка таймаштар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Бул оюндарга жаштар да, улуу муундагы жарандар да активдүү катышып, иш-чарага өзгөчө көрк кошушту.

Жалпысынан, Нооруз майрамы Тоң районунда жогорку уюшкандыкта, шаңдуу маанайда өтүп, элдин биримдигин жана ынтымагын дагы бир жолу бекемдеген маанилүү маданий иш-чара болду.