07.07.2025

Кароолор: (58)

Тоң районунда мыкты бүтүрүүчүлөр сыйланып, билимдин маанилүүлүгү белгиленди

2025-жылдын 7-июль күнү Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 2024-2025-окуу жылындагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен өзгөчө жетишкендиктерге жеткен бүтүрүүчүлөрдү сыйлоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбаевич, райондук мекеме жана уюм жетекчилери, айыл өкмөт башчылар, ардагерлер жана мурдагы жылдардын мыкты бүтүрүүчүлөрү катышып, жаштарды куттукташты.

Быйыл Тоң районунун орто мектептерин аяктаган 11 бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 180 баллдан жогору көрсөткүчкө ээ болушту. Алардын арасында Т.Мырзамамбетов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Турумбекова Алия 201 балл, С.Эркинбаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Рахманова Нурай 222 балл топтоп, райондук деңгээлде жогорку жетишкендиктерди көрсөтүштү.

Бул жыйын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн гана эмес, жалпы Тоң району үчүн да өзгөчө мааниге ээ болду. Анткени билим — бул өнүгүүнүн негизги тиреги. Мындай жогорку көрсөткүчтөр районубуздун келечегине, ата-энелер менен мугалимдердин эмгегине жана жаштардын тынымсыз аракетине болгон ачык далил болуп турат. Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө райондук администрация менен айыл өкмөттөрү тарабынан акчалай сыйлыктар жана Ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Бул алардын мындан аркы билим жолунда дагы да ийгиликтерге жетишине дем берет.

Өз куттуктоолорунда Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбаевич билимдин баалуулугуна токтолуп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү билимдүү жана демилгелүү жаштарга түздөн-түз көз каранды экенин баса белгиледи. Ал бүтүрүүчүлөргө жаңы максаттарды коюп, келечекте району үчүн да, өлкө үчүн да пайдалуу адистер болуп өсүүнү каалады.

Кыргыз Республикасынын легендарлуу Жогорку Кеңешинин депутаты Т.С. Султанов да жаштарга ийгилик каалап, алардын аракети менен районубуз алдыга жыларын белгиледи.

Тоң районунда билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, таланттуу окуучуларды колдоого багытталган иштер мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрү белгиленип, жаштарга билим аркылуу чоң жетишкендиктерге жетүү мүмкүнчүлүгү дайыма ачык экендиги айтылды.