11.02.2026
Кароолор: (30)
Тоң районунда мамлекеттик тил саясатынын практикалык ишке ашырылышы талкууланды
Тоң райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын демилгеси менен «Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонулууга муктаж» аттуу иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, комиссиянын өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-акимдин орун басары Шаршенбек кызы Гүлбүбү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, билим берүү, маданият тармагынын кызматкерлери жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун негизги максаты - 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамын түшүндүрүү жана аны жеринде ишке ашыруунун жолдорун талкуулоо болду. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик тилди мамлекеттик жана муниципалдык башкарууда, иш кагаздарында, билим берүүдө, кызмат көрсөтүүдө жана санариптик платформаларда милдеттүү түрдө колдонуу талап кылынат.
Улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев мамлекеттик тилди күнүмдүк ишмердүүлүктө кеңири колдонуу зарылдыгын белгилеп, тилди иш куралы катары кабыл алуу маанилүү экенин айтты. Суроо-жооп форматындагы талкууда кадрларды окутуу, иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрүү жана электрондук ресурстарды ылайыкташтыруу маселелери көтөрүлдү.
Иш-чара мамлекеттик тил саясатын практикалык деңгээлде ишке ашырууга багытталган кадамдардын бири болуп саналат.








