13.11.2025
Кароолор: (69)
ТОҢ РАЙОНУНДА МАЛ ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ ТУРУКТУУ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Тоң районунда ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгы тарабынан эпизоотияга каршы жана профилактикалык иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Бул аракеттер аймактагы мал чарбасынын туруктуу өсүшүнө жана калктын санитардык коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Жаз-күз мезгилдеринде мал арасында кездешүүчү жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча эмдөө жана диагностикалык иштер системалуу жүргүзүлүүдө. Ветеринардык адистер ящур, бруцеллез, карасан, чума жана башка оорулардын жайылышын токтотуу максатында бардык айыл аймактарда иш алып барууда.
Ошондой эле ит жана мышыктар арасында кутурма жана эхинококкоз ооруларына каршы алдын алуу иш-чаралары өткөрүлүп, дегельминтизация жана эмдөө жүргүзүлүүдө. Жарандар арасында санитардык түшүндүрүү иштери уюштурулуп, мектептерде атайын лекциялар өткөрүлүүдө.
Мал чарбасын өнүктүрүүдө тукумду жакшыртуу багытына да көңүл бурулуп, жасалма уруктандыруу иштери кеңейип жатат. Ветеринардык кызматкерлер бул ыкма аркылуу малдын сапатын жогорулатуу жана чарбалардын өндүрүмдүүлүгүн арттырууга салым кошууда.
Учурда Тоң районундагы эпизоотиялык абал туруктуу. Эмдөө, диагностика жана түшүндүрүү иштеринин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү район экономикасынын, айыл чарбасындагы коопсуздуктун жана калктын ден соолугунун сакталышына өбөлгө болууда.