07.10.2025
Кароолор: (31)
ТОҢ РАЙОНУНДА МАЛ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ КӨРҮЛҮҮДӨ
2025-жылдын 6-октябрында Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бактыбек Осмонов мал менен байланышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында түнкү рейддерге чыккан мобилдик топтор менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда аким тиешелүү кызматтарга ишти талаптагыдай жүргүзүүнү, малды кароосуз калтырган мал ээлерине карата Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык административдик протоколдорду түзүп, айып пулдарды салуу тапшырмасын берди.
Түнкү рейддер Тоң районунун аймагында жол коопсуздугун камсыздоо жана жарандардын өмүрүн сактоо максатында улантылып жатат.




