04.11.2025

Кароолор: (25)

ТОҢ РАЙОНУНДА МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Тоң районунда Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бактыбек Арапбевич Осмонов катышып, маданият тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Өз сөзүндө аким маданият — улуттун руханий тиреги экенин белгилеп, маданият кызматкерлеринин коомдогу орду ар дайым бийик экенин баса көрсөттү. Ошондой эле бир катар кызматкерлерге район жетекчилигинин Ардак грамоталары жана эстелик белектери салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Иш-чара Тоң районунун маданий жашоосунда өзгөчө орунга ээ болгон — капиталдык оӊдоп-түзөөдөн өткөн жаңы өңдүү Тоң райондук маданият Үйүндө уюштурулду. Бул кенен, заманбап имарат республикалык бюджеттин эсебинен 11 миллион 479,7 миӊ сом каражат бөлүнүп, жаңыланып, маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Салтанат райондук китепкананын кызматкерлери даярдаган атайын көргөзмө менен башталды. Анда китепкана тарыхын жана маданий мурастарды даӊазалаган материалдар коюлуп, келген конокторго тааныштырылды. Анын артынан Бөкөнбаев балдар музыкалык мектебинин комузчулар тобу улуттук күүлөрдү жаңыртып, залга өзгөчө көрк кошту.

Иш-чаранын программасы ар тараптуу болду. Маданият Үйүнүн чыгармачыл жамааты даярдаган «Таарынбаӊыз, кайнене» аттуу сахналык пьеса көрсөтүлүп, жарандардын купулуна толду. Уландысы концерттик программа менен коштолуп, жергиликтүү таланттардын ыр-күүлөрү жана бий аткаруулары кеңири тартууланды.

Бул күнү майрамдын энергиясы гана эмес, маданиятка болгон сыймык, чыгармачылык дух да ачык сезилди. Райондун маданий тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон ар бир инсанга коомчулуктун тереӊ ыраазычылыгы айтылды.

Тоң району маданиятты колдоодо жана өнүктүрүүдө туруктуу кадамдарын улантып келет. Мындай саамалыктар мындан ары да уланып, чыгармачыл чөйрөнүн өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары белгилүү. Маданият — өткөндүн наркын сактап, келечекке көпүрө курган баалуулук. Ушул жолдо эмгектенип келе жаткан кызматкерлердин эмгеги ар дайым эӊ жогору баага татыктуу.