10.10.2025

Кароолор: (50)

ТОҢ РАЙОНУНДА МАДАНИЙ МУРАСТАРДЫ КОРГОО ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ — УЛУУ МУУНДУН ЫЙЫК МИЛДЕТИ

Тарыхты билбеген элдин келечеги бүдөмүк болот деген накыл кеп ар дайым өз маанисин жоготпойт. Ушул багытта Тоң районунда маданий мурастарды сактоо, коргоо жана келечек муунга өткөрүп берүү иштери тынымсыз улантылууда.

Жакында Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Бактыбек Осмоновдун катышуусунда райондук Ардагерлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн Ардагерлер кеңеши тарабынан көтөрүлгөн маанилүү демилгелер талкууланды. Алардын катарында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу, райондогу тарыхый-маданий баалуулуктарды сактоо жана Бөкөнбаев айылындагы мурда жабылып калган край таануу музейин калыбына келтирүү маселелери бар.

Жыйындын алдында Б. Осмонов ардагерлер менен бирге К. Рыскелдиевдин «Таш керемети» өнөрканасына жана И. Тойчубеков атындагы маданият үйүнө барып, экспонаттардын абалы менен таанышты.

Кеңешменин жүрүшүндө аким ардагерлердин демилгесин толук колдой турганын белгилеп, райондук маданият бөлүмүнө тиешелүү тапшырмаларды берип, бул багыттагы сунуштар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жөнөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле маселе анын жеке көзөмөлүндө турарын белгилеп өттү.

Бүгүнкү күндө Тоң районунда жалпы 81 маданий-тарыхый эстелик катталган. Анын ичинен республикалык маанидеги — 8, жергиликтүү маанидеги — 73 эстелик. Эң көп эстеликтер Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө — 28, Болот Мамбетов айыл өкмөтүндө — 23, Ак-Терек айыл өкмөтүндө — 18, Улахол айыл өкмөтүндө — 12.

Ар бир айыл өкмөттө тарыхый жана маданий эстеликтерди каттоо, сактоо жана көзөмөлдөө багытында жооптуу кызматкерлер иш алып барышат. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин көрсөтмөлөрүнө жана 2024-жылдын 7-августунда кабыл алынган №161 мыйзамына ылайык жүргүзүлүүдө.

Маданий мурастарды сактоо — Тоң районунун социалдык жана руханий өнүгүүсүнүн маанилүү багыты. Райондук мамлекеттик администрация эстеликтерди юридикалык коргоого алуу, паспорттоштуруу жана жарандардын маданий аң-сезимин жогорулатуу боюнча иш-аракеттерди системалуу улантууда.

Тарых — элдин жүзү. Аны сактоо жана даңазалоо — ар бир муундун ыйык парзы.