12.09.2025

Кароолор: (34)

ТОҢ РАЙОНУНДА «КУРГАК КҮНГӨЙ» КАНАЛЫ РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНЫП, АЙЫЛ ЧАРБА СУГАТТАРЫ КЕҢЕЙТИЛҮҮДӨ

Тоң районунда суу чарба тармагында ири иштер улантылууда. Жергиликтүү дыйкандар үчүн абдан маанилүү «Кургак күнгөй» каналы кайрадан реконструкцияланып, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарттар түзүлүүдө.

Тоң суу чарба башкармалыгынын кызматкери Дастан Кылычбек уулунун маалыматына ылайык, мурдагы каналдан секундуна 500 куб метр суу берилсе, жаңы курулган канал аркылуу бул көрсөткүч 1000 куб метрге чейин жетет. Бул суу көлөмү дыйкандарга эгин-түшүмдү өз убагында сугарууга мүмкүнчүлүк берет.

— Быйыл план боюнча 500 метр канал курулса, кийинки жылы дагы 1100 метрин бүткөрүү каралган. Натыйжада 530 гектар айдоо аянты туруктуу суу менен камсыздалат, — деп белгиледи Дастан Кылычбек уулу.

Жаңы канал «Күн Чыгыш» айыл аймагындагы Чоң көңдөй участогундагы дыйкандар үчүн чоң колдоо болуп, айыл чарба продукциясынын сапаты жана көлөмү өсүшүнө шарт түзөт. Бул долбоордун ишке ашышы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп, жарандар үчүн туруктуу азык-түлүк камсыздоого негиз болот.

Эскерте кетсек, суу чарба тармагындагы бул сыяктуу ири курулуш иштеринин максаты — Тоң районундагы айыл чарба өндүрүшүн модернизациялоо жана дыйкандарга эффективдүү колдоо көрсөтүү.