10.12.2025

Кароолор: (67)

Тоң районунда коррупцияга каршы иш-аракет күчөтүлдү

2025-жылдын 9-декабрында Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ №137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кеңири форматтагы жыйын өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2025-жылдын 5-декабрындагы №242 тескемесине ылайык жарыяланган «Коррупцияга каршы аракеттенүү жумалыгынын» күн тартибине киргизилип, 9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналды.
Жыйынга Тоң районунун мамлекеттик администрациясы менен райондук прокуратура биргелешип уюштуруучу катары чыгып, райондогу мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономика бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Катышуучуларга стратегиянын негизги багыттары, коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу механизмдери жана жоопкерчиликти жогорулатуунун практикалык аспектилери боюнча маалымат берилди. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш – бул мамлекеттик органдардын гана милдети эмес, ар бир жарандын активдүү позициясын талап кылган жалпы коомдук жоопкерчилик экени өзгөчө белгиленип, бул темада атайын видеоматериал көрсөтүлдү.
Ушундай эле мазмундагы экинчи жыйын ошол эле күнү Тоң райондук жалпы дарыгердик практика борборунда өттү. Бул иш-чара район акими Бактыбек Осмоновдун тапшырмасына ылайык уюштурулуп, ага Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси жана Тоң районунун прокурору катышты. Медициналык мекемелерде ачык-айкындыкты камсыз кылуу, ички көзөмөлдү күчөтүү жана коррупциянын пайда болуу мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Аймакта өткөрүлгөн бул жолугушуулар коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты жергиликтүү деңгээлде натыйжалуу жүзөгө ашырууга, мамлекеттик органдар менен жарандар ортосунда ишенимдүү өнөктөштүктү бекемдөөгө жана бардык деңгээлдеги жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Стратегиянын талаптарынын аткарылышы жыл бою үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп, тиешелүү чаралар мындан ары да системалуу улантылары белгиленди.