12.09.2025
Кароолор: (58)
ТОҢ РАЙОНУНДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ №137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгынын алкагында 2025-жылдын 10-сентябрында Тоң районунда тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Н.Төлөнгүтова, райондук прокурор К.Каримов, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар сотунун жана ардагерлер кеңешинин төрагалары, аялдар кеңешинин жана жаштар кеңешинин өкүлдөрү, айыл башчылар катышышты.
Жыйында жогорудагы Жарлыктын аткарылышы боюнча райондук мамлекеттик администрациясы менен райондук прокурор тарабынан маалыматтар берилди. Катышуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор айтылды. Ошондой эле сунуштар кабыл алынып, кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөш ар бир мекеме менен коомчулуктун тыгыз кызматташтыгын талап кылаары белгиленип, бул багыттагы иштерди системалуу жана туруктуу жүргүзүү зарылдыгы баса белгиленди.



