29.05.2025
Кароолор: (4)
Тоң районунда Катар кайрымдуулук фондунун колдоосу менен мотороллерлер тапшырылды

2025-жылдын 29-май күнү Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Осмонов Бактыбек Арапбаевичтин катышуусунда Катар кайрымдуулук фондунун колдоосу менен берилген 9 даана мотороллерди тапшыруу аземи өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында 9 мотороллердин ичинен 5 даанасы Тоң районуна караштуу айыл өкмөттөрдүн кызматтык муктаждыктарына бөлүштүрүлдү. Калган 4 мотороллер ар бир айыл өкмөт тарабынан тандалып алынган, социалдык жактан муктаж жарандарга ыйгарылды.
Бул кайрымдуулук жардамы Катар кайрымдуулук фондунун Тоң районундагы туруктуу жана максаттуу ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Фонд буга чейин да район аймагында бир катар социалдык мааниге ээ объектилерди — фельдшердик-акушердик пункттарды, бала бакчаларды жана башка социалдык мекемелерди куруу иш-аракеттерин жүргүзүп келген.
Иш-чаранын негизги максаты — айыл өкмөттөрүнүн күнүмдүк кызматтык ишмердүүлүгүн жеңилдетүү, алардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу жана жардамга муктаж жарандардын турмушун жеңилдетүү болуп саналат.
Тоң районунун жетекчилиги, айыл өкмөттөр жана жергиликтүү жамааттар Катар кайрымдуулук фондунун туруктуу жардамы жана адамкерчиликке негизделген колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиришти.
Мындай иш-чаралар — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эл аралык уюмдардын ортосундагы жемиштүү кызматташуунун ачык мисалы болуп саналат. Бул өз ара колдоо райондун социалдык өнүгүүсүнө кошумча дем берет жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшөт.