21.10.2025
Кароолор: (83)
ТОҢ РАЙОНУНДА ИРРИГАЦИЯЛЫК ЖАҢЫ ЫКМА КОЛДОНУЛУУДА
Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагында ирригациялык системаны жаңылоо боюнча иштер жүрүп жатат. Жал-Арык каналында бетондук полотно колдонуу ыкмасы менен курулуш иштери ырааттуу уланууда. Жалпы узундугу 9,3 чакырым болгон каналдын 2025-жылга чейин 4,5 чакырымы бетон менен төшөлүшү пландалган.
Азыркы күндө 19 950 чарчы метр алынып, 51 миллион 710 миң сом сарпталды. Каналдын 400 метри бүткөрүлдү.
Бүгүн Тоң районунун акими Бактыбек Осмонов курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп, кызматкерлер менен пикир алышты. Бул эксперименталдык долбоор Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин райондук башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.
Максат – ирригация системасын заманбап технология менен өркүндөтүү, суу жоготууларды азайтуу жана дыйкандарды туруктуу суу менен камсыз кылуу. Аким Осмонов бул ыкманын артыкчылыктарына токтолуп, ал район айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.
Жал-Арык каналы боюнча долбоор ийгиликтүү жыйынтыкталса, бул ыкма Тоң районунун башка аймактарында да колдонулат.




