13.03.2026
Кароолор: (115)
Тоң районунда диний экстремизмдин алдын алуу жана коомдук коопсуздук маселелери боюнча форум өттү
Бүгүн, 2026-жылдын 13-мартында Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында «Диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, интернет алдамчылыгына каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздук маселелери боюнча» форум өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты - коомдогу коопсуздукту бекемдөө, жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу жана экстремизм менен терроризмдин алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү болду.
Форумга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү А. Мамбетов, Ысык-Көл облусунун казысы А. Жороев, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам өкүлү Н. Абдыкадыров, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Н. Төлөнгүтова, Тоң районунун прокурорунун улук жардамчысы Н. Камчибеков, Тоң районунун имам-хатиби Т. Акунов жана райондун имамдары катышты.
Мындан тышкары иш-чарага айыл аймактарынын активдери, ардагерлер, аялдар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, райондук мекемелердин кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, социалдык педагогдор, ата-энелер, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери жана айыл башчылар катышып, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы маселелер боюнча пикир алышты.
Форумдун жүрүшүндө диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, интернет аркылуу жасалган алдамчылык фактыларына каршы күрөшүү, жаштар арасында радикалдык көз караштардын жайылышына жол бербөө, ошондой эле коомдук коопсуздукту бекемдөө маселелери талкууланды. Адистер тарабынан катышуучуларга бул багыттагы мыйзамдык талаптар, коопсуздук чаралары жана интернет мейкиндигинде алдамчылыктан сактануу жолдору боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Ошондой эле форумдун алкагында жарандарды сак болууга чакыруу, коомдо туура диний түшүнүктү калыптандыруу жана жаштарды терс идеологиялардан коргоо боюнча профилактикалык сунуштар айтылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында коомдо тынчтыкты, ынтымакты жана мыйзамдуулукту сактоо, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар, диний уюмдар жана жергиликтүү коомчулуктун биргелешкен иштерин мындан ары дагы күчөтүү зарылдыгы белгиленди.




