24.10.2025
Кароолор: (77)
ТОҢ РАЙОНУНДА БАТКЕН ОКУЯЛАРЫНЫН 26 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
2025-жылдын 24-октябрында Тоң районунда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларынын 26 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара Баткен жергесин коргоодо эрдик көрсөтүп, мекен алдында баатырлык милдетин аткарган жоокерлердин элесин урматтоо жана жаш муундарга патриоттук тарбия берүү максатын көздөдү.
Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бактыбек Осмонов, Баткен окуяларына катышкан ардагерлер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери жана мектеп окуучулары катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө район акими Бактыбек Осмонов Баткен окуялары кыргыз элинин биримдигин, өлкөнүн коопсуздугу үчүн жарандык жоопкерчилигин айгинелеген тарыхый учур экенин белгилеп, ошол кыйын күндөрдө мекенди коргогон жоокерлерге ыраазычылык билдирди.
Баткен окуясынын катышуучуларына Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын “Эмгек үзүрү” жана “Ардак грамоталары”, ошондой эле 10 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар тапшырылды.







