13.03.2026

Кароолор: (189)

Тоң районунда Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

2026-жылдын 13-мартында Тоң районунда 15-март - Аталар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чара үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, аталардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү ордун даңазалоо максатында уюштурулду.
Иш-чарага район аймагындагы айыл аймактардан жана мекеме-ишканалардан келген ардагерлер, коомчулуктун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгүндө Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Бактыбек Осмонов куттуктоо сөзүн сүйлөп, атанын үй-бүлөдөгү орду өзгөчө экенин белгиледи.
Аким өз сөзүндө ата - үй-бүлөнүн тиреги, балдардын тарбиясындагы башкы үлгү жана коомдун туруктуулугунун негизги факторлорунун бири экенин белгилеп, жаш муунду тарбиялоодо аталардын жоопкерчилиги жана салымы чоң экенине токтолду. Ошондой эле райондун коомдук турмушуна активдүү катышып, эмгек жолу менен үлгү болгон ардагер аталарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга ыраазычылык билдирип, баалуу белектерди тапшырды.
Майрамдык иш-чаранын алкагында райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа уюштурулду. 
Иш-чара жылуу жана салтанаттуу маанайда өтүп, улуу муундун өкүлдөрүнө сый-урмат көрсөтүү менен катар ата институтунун коомдогу маанисин дагы бир ирет баса белгиледи. Мындай иш-чаралар үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоого, муундар ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана жарандарды ата-бабадан калган тарбиялык салттарды урматтоого үндөйт.
Тоң районунда Аталар күнүнө арналган иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп, үй-бүлөнүн бекемдигин, ата жоопкерчилигин жана коомдогу ынтымакты чыңдоого өз салымын кошуп келет.