20.10.2025
Кароолор: (27)
ТОҢ РАЙОНУНДА “АЙЫЛ БАНК” ЖАҢЫ ФИЛИАЛЫ ИШКЕ КИРДИ
17-октябры күнү Тоң районунун Бөкөнбаев айылында “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун жаңы филиалынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бакыт Осмонов катышып, банк кызматкерлерине ийгилик каалап, жаңы кеңсенин ачылышы район үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Бул күнгө чейин аталган бөлүм Балыкчы филиалынын алдындагы “Сактык банк” катары иш жүргүзүп келген болсо, эми ал өз алдынча Бөкөнбаев филиалы болуп кызмат көрсөтө баштады.
Аким Бакыт Осмонов өз сөзүндө мындай демилгелер райондун экономикалык өнүгүүсүнө, каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана элет жарандарын сапаттуу банктык тейлөө менен камсыздоого зор өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
“Айыл Банк” – өлкөдө айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана элеттик жарандарды финансылык колдоо максатында иш алып барган ири мамлекеттик банк. Учурда банк республика боюнча 37 филиал, 60 сактык жана 32 көчмө касса аркылуу кардарларга кызмат көрсөтүп келет.
Жаңы ачылган Бөкөнбаев филиалы Тоң районундагы дыйкандарга, чакан жана орто ишкерлерге, ошондой эле жарандарга насыя берүү, депозит ачуу, эл аралык жана ички акча которууларды жүргүзүү сыяктуу кызматтарды сунуштайт.
Бул кадам Тоң районунун туруктуу өнүгүүсүнө, айыл чарба тармагынын жана ишкердик чөйрөнүн жандануусуна багытталган маанилүү жаңылык болуп эсептелет.









