25.02.2026

Кароолор: (70)

Тоң районунда 2026-жылдын жазгы сугат мезгилине даярдык талкууланды

2026-жылдын 24-февралында Тоң районунда жазгы сугат мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан берилген тапшырманын негизинде жана райондук суу чарба башкармалыгынын кайрылуусуна ылайык уюштурулду.

Жыйынга Ысык-Көл башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.А. Осмонов, райондук суу чарба башкармалыгынын жана агрардык өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана башкы мураптар катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө 2026-жылдын сугат мезгилин уюшкандыкта өткөрүү, ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу жана дыйкандарды өз убагында суу менен камсыз кылуу боюнча бир катар маанилүү маселелер каралды. Тактап айтканда, 1–2-ирээттеги ички чарбалык каналдарды суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү жана тейлөөнү борборлоштуруу, 3–4-ирээттеги каналдарды ашар ыкмасы менен тазалоону уюштуруу, ошондой эле гидротехникалык курулмаларды оңдоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле сууну үнөмдүү пайдалануу багытында тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын жайылтуу, дыйкандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы белгиленди. Суу жоготууларын азайтуу жана сууну адилеттүү бөлүштүрүү маселеси өзгөчө көңүл борборунда болду.

Жыйындын алкагында сугат суусуна болгон тариф маселеси да каралды. Белгилүү болгондой, Суу ресурстары кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскуранты жаңыланып, тиешелүү тартипте бекитилди 

Мындан тышкары, сугат суусун берүү тартибин тактоо жана суу пайдаланууну жөнгө салуу боюнча кошумча уюштуруучулук чаралар каралган 

Айыл өкмөттөрүнө жана тиешелүү кызматтарга жазгы талаа жумуштары башталганга чейин каналдарды тазалоо жана даярдык иштерин толук аяктоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын жыйынтыгында 2026-жылдын жазгы сугат мезгилин үзгүлтүксүз жана уюшкандыкта өткөрүү, сууну адилеттүү бөлүштүрүү жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Тоң районунда сугат мезгилине даярдык иштери белгиленген тартипте улантылууда.