31.12.2025
Кароолор: (91)
Тоң районунда 2025-жылдын жыйынтыгы жана Жаңы жыл майрамы белгиленди
2025-жылдын 30-декабрында Тоң районунда жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чара райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Б.А. Осмоновдун катышуусу менен өтүп, жыл ичинде аткарылган иштер боюнча кенен маалымат берилди. Аким өз сөзүндө социалдык-экономикалык тармактарда жетишилген натыйжаларды, айыл өкмөттөрү менен мекемелердин көрсөткөн ишмердүүлүгүн белгиледи.
Жылдын жыйынтыгы чыгарууга арналган иш-чаранын алкагында район боюнча ар түрдүү тармактардагы мыктылар аныкталып, “Жыл мыктысы” номинациялары тапшырылды. Бул демилге район тургундарынын жана мекемелердин алдыга умтулуусун күчөтүп, эмгекчилдикти жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле Жаңы жыл майрамына карата мекемелер арасында “Кел Жаңы жыл” аттуу майрамдык оюн-зоок конкурсу жана “Кош жылдыз” кароо сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чара майрамдык маанайды күчөтүп, катышуучуларга жана конокторго кубаныч тартуулады.
Маданий бөлүккө Кыргызстандын белгилүү өнөрпоздору катышып, иш-чаранын деңгээлин көтөрүштү. Ырчы Бек Исраилов, төкмө акын Турат Жумаев жана башка белгилүү эстрада артисттери өз өнөрлөрүн тартуулашып, көрүүчүлөргө жагымдуу ыр-бийлерди тартууланды. Мындан тышкары, Улахол айыл өкмөтүнө караштуу “Учкун” аспаптык ансамблинин концерттик программасы коноктор тарабынан жылуу кабыл алынды.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, Тоң районунун тургундарына майрамдык маанай тартуулоо менен жылдын ийгиликтүү жыйынтыгын белгилөөгө мүмкүнчүлүк түздү.
















