30.09.2025

Кароолор: (278)

ТОҢ РАЙОНДУК ООРУКАНАСЫНДА САРКЫНДЫ СУУЛАРДЫ ТАЗАЛООЧУ ЖАҢЫ КУРУЛМА АЧЫЛДЫ

Тоң райондук ооруканасынын аймагында заманбап саркынды сууларды тазалоочу курулманын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Жаңы объект 1972-жылы курулган эски тазалоочу имараттын ордун алмаштырып, оорукананын экологиялык жана санитардык коопсуздугун камсыз кылат.

Курулма ооруканага акысыз орнотулду. Долбоор "Ысык-Көлдү сактоо" коомдук фонду, Түштүк Кореянын «Eco Star» компаниясы жана жергиликтүү «Тунук» ишканасынын кызматташтыгы аркылуу ишке ашты. Каржылоо Түштүк Корея өкмөтүнүн 12 миллион сомдук грантынын эсебинен камсыздалган.

Ачылыш аземине Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Бактыбек Осмонов, Кыргыз Республикасынын экология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Алмаз Мусаев, ошондой эле Eco Star компаниясынын негиздөөчүсү Ган Мун Шик, инженер-экологдор Гвон Ын Ми жана Сон Дэ Хён, техникалык топтун өкүлү Гён У Клин Тэк катышышты.

Жаңы курулманын кубаттуулугу суткасына 15 куб метрди түзүп, оорукананын бардык саркынды сууларын тазалоого жетиштүү. Фильтрациядан өткөн суу кайра пайдаланылып, оорукана аймагындагы 2 гектар жерди сугарууга жумшалат. Бул экологиялык жүктү азайтуу менен бирге ресурстарды натыйжалуу колдонууга шарт түзөт.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациянын кызматкерлери, оорукана жамааты жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү да катышышты.

Жаңы тазалоочу курулма аймактын экологиялык коопсуздугун чыңдоого, Ысык-Көлдүн табигый тазалыгын сактоого жана ресурстарды туруктуу пайдаланууга багытталган маанилүү долбоор болуп саналат.