15.04.2026
Кароолор: (5)
Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Осмонов Бактыбек Арапбаевичтен билдирүү
Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Осмонов Бактыбек Арапбаевичтен билдирүү
Урматтуу Тоң районунун тургундары!
Эгерде сиздерде акимге жеткирүү зарыл болгон маселелер, сунуштар же кайрылуулар болсо, аларды түздөн-түз (директ аркылуу) же 0504 670 007 WhatsApp номери аркылуу жөнөтсөңүздөр болот.
Райондун бардык айылдарынан келип түшкөн ар бир кайрылуу сөзсүз түрдө аким тарабынан жеке каралып, тиешелүү чаралар өз убагында көрүлөт. Ар бир жарандын кайрылуусу көңүл сыртында калбайт.
Сиздер тарабынан айтылган сунуштар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өз убагында каралып, чечилип, түздөн-түз көзөмөлгө алынып аткарууга даяр экенибизди билдиребиз.