11.02.2026

Кароолор: (19)

Тоң райондук мамлекеттик администрациясында: “Кыргыз жараны” баалуулуктары

Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Кыргыз жараны” баалуулуктарына арналган иш-чара өткөрүлдү. Анын максаты - жарандык аң-сезимди бекемдөө, мамлекеттин негизги баалуулуктарын түшүндүрүү жана коомдогу жоопкерчиликтүү позицияны өстүрүү.

Иш-чара “Мен Кыргызстан. Мен Кыргыз жаранымын” деген негизги идеядан башталды. Катышуучуларга “Кыргыз жараны ким?” деген суроо коюлуп, бул түшүнүк этникалык эмес, жарандык таандыктыкты билдирери айтылды. Кыргыз жараны - бул Кыргыз Республикасынын жараны, анын укуктарын билген, милдеттерин аткарган жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга даяр адам.

Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Мамлекет ар бир жаранды жынысына, тилине, динине карабастан тең тааныйт жана коргойт. Адам укуктары Конституция жана эл аралык мыйзамдар менен камсыздалат. Конституцияда билим алуу, эмгекке жана кесип тандоого укук, саламаттыкты сактоо, турак-жайга укук, өлкөнү башкарууга катышуу, жеке кол тийбестик жана ишеним эркиндиги белгиленген.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик түзүлүштүн негизги принциптери, демократия, көз карандысыздык, бирдиктүүлүк, мыйзам үстөмдүгү, социалдык жана светтик мамлекеттин мааниси түшүндүрүлдү. “Кыргыз жараны” баалуулуктары - Мекенге сүйүү, патриоттуулук, үй-бүлөгө жана коомго жоопкерчилик, теңдикти урматтоо, коомдук биримдик жана мыйзамдарды сактоо.

Катышуучулар интерактивдүү оюндар, видеороликтер жана топтук талкуулар аркылуу жарандык сапаттарды символикалык түрдө көрсөткөндөрү менен тажрыйба алышты. Иш-чаранын жыйынтыгында чыныгы жарандуулук - паспортко ээ болуудан тышкары, мыйзамдарды сактоо, коомго салым кошуу жана Мекенди сүйүү экендиги баса белгиленди.

“Биз Кыргызстанбыз. Өзүбүздү өзгөртүп, өлкөнү өзгөртөбүз” деген ураан иш-чаранын негизги өзөгүн түздү. Ар бир жарандык иш-аракет - күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды курууга салым.