05.08.2025
Кароолор: (42)
ТОҢ РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯНЫН ИМАРАТЫ ЖАҢЫ ФОРМАТТА ИШКЕ БЕРИЛДИ

2025-жылдын 5-августунда Тоң районунун мамлекеттик башкаруу системасында маанилүү жаңылык болду — райондук мамлекеттик администрациянын имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ишке берилди. Бул имарат — 1970-жылдан бери райондук бийликтин символу болуп келген тарыхый жай. Эми ал заманбап талаптарга ылайык жаңыланып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган ачык башкаруу форматында иш алып барат.
Капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы 7 миллион 100 миң сом жумшалды. Курулуш иштери ийгиликтүү бүткөрүлүп, кызматтык бөлмөлөр, жыйындар залы жана кабылдамалар заманбап стандарттарга ылайык жабдылды. Имаратта "бирдиктүү терезе" принциби менен жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү ишке ашырылууда.
Ачылыш аземине ардактуу коноктор, коомдук ишмерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышып, бул өзгөрүү мамлекеттик реформалардын алкагында жеринде жүзөгө ашырылып жаткан иштин ачык далили экенин белгилешти.
Имараттын жаңылануусу — Тоң районунун 90 жылдык мааракесине карата көрүлүп жаткан ири даярдыктардын алгачкы кадамы. Бул — өткөнгө таазим, келечекке болгон ишеним менен коштолгон маанилүү мамлекеттик демилге.