13.02.2026
Кароолор: (24)
«ТОҢ ЧИЛДЕСИ» ФЕСТИВАЛЫ: КЫШКЫ ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ЖАҢЫ ФОРМАТЫ
Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Шатылы панорамасында «Тоң чилдеси» аттуу этно-маданий туристтик кышкы фестиваль өткөрүлдү. Иш-чара Тоң райондук мамлекеттик администрациясы жана Этно маданий туристтик «Тескей Жээк» дестинациясы менен биргеликте уюштурулуп, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кыш мезгилинде да активдүү пайдаланууга багытталган демилге катары бааланды.
Фестивалдын негизги максаты — ата-бабалардан калган салттарды жандандыруу, улуттук маданиятты даңазалоо жана кышкы туризмди өнүктүрүү. «Чилде» түшүнүгү кыргыз элинин тарыхый турмушунда өзгөчө орунду ээлейт. Бул кыштын эң катаал мезгили катары белгилүү. Фестивалда дал ушул түшүнүктүн философиялык жана турмуштук мааниси кеңири чагылдырылды.
Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д. Арпачиевич жана Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бактыбек Осмонов катышты. Ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү мекемелердин өкүлдөрү, ишкерлер, кол өнөрчүлөр, салбуурун чеберлери, чет өлкөлүк туристтер жана жарандар иш-чарага күбө болушту.
Фестивалдын программасы маданий жана этно-спорттук иш-чараларды камтыды. Театралдаштырылган композиция аркылуу көчмөндөрдүн кыш мезгилиндеги жашоо образы көрсөтүлүп, салттык жөрөлгөлөр сахналаштырылды. Бул бөлүк көрүүчүлөргө тарыхый мурасты жандуу форматта кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди.
Маданий программада элдик ыр-күүлөр жаңырып, жаш таланттар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүндө кийиз буюмдары, жыгач оюмдары, зергерчилик өнөрү жана улуттук кийимдер сунушталды. Бул багыт Тоң районунун колдонмо искусствосун сактоо жана өнүктүрүү ишине кошкон салым катары бааланды.
Өзгөчө кызыгууну салбуурун оюндары жаратты. Тайган иттери жана бүркүттөр менен өткөрүлгөн аңчылык өнөрү көчмөн маданиятынын жандуу үлгүсү катары көрсөтүлдү. Бул оюндар туристтер үчүн этномаданий тажрыйба болуп, аймактын уникалдуулугун айгинеледи.
Иш-чаранын соңунда фестивалды уюштурууга активдүү катышкан жарандарга дипломдор жана сертификаттар тапшырылды. Бул коомдук демилгелерди колдоонун жана жергиликтүү активдүүлүктү баалоонун белгиси болду.
«Тоң чилдеси» фестивалы кышкы туризмди өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык кадам катары каралууда. Мындай иш-чаралар ички туризмди жандандырып, жергиликтүү ишкерликти колдоого өбөлгө түзөт. Аймактын туристтик брендин калыптандыруу жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу багытында бул демилге маанилүү ролду аткарат.
Тоң району табигый кооздугу жана бай маданий мурасы менен жылдын бардык мезгилинде конок тосууга даяр экенин фестиваль дагы бир ирет тастыктады. Кыш — токтоп калуу эмес, өнүгүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү. «Тоң чилдеси» дал ушул багыттагы ишенимдүү кадам болду.



