11.09.2025
Кароолор: (175)
Тоң ашуусу аркылуу көчүп келүүгө шарт түзүлүүдө
Тоң районунун бийик тоолуу аймактарында жайлоодон көчүп келүүгө даярдык башталды. Деңиз деңгээлинен 4 023 метр бийиктикте жайгашкан Тоң ашуусу аркылуу чабандардын мал-жаны менен коопсуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Бактыбек Арапбаевичтин тапшырмасы менен тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Ашуунун географиялык түзүлүшү өзгөчө: түндүк тарабы жантайыңкы болсо, түштүк тарабы тик келет. Кар жана шамалдын айынан айрым учурда жол убактылуу жабылып калышы мүмкүн. Ошондуктан жайлоодон көчүү маалында коопсуздук эрежелерин сактоо өзгөчө мааниге ээ. Чабандар негизинен малды дал ушул ашуу аркылуу өткөрүп, жазгы жана күзгү көчүүнү ушул багытта уюштурушат.
Иш-чаралардын алкагында 10 чакырымдык жол тилкеси атайын техникалар менен тазаланып, кар көчкү жана таш түшүү коркунучтары жоюлду. Бул иштер Күн-Чыгыш жана Болот Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн жайыт кызматкерлери тарабынан аткарылып, жалпы 1 200 литрге жакын күйүүчү май сарпталды. Натыйжада малчылардын көчүп келүүсү үзгүлтүксүз жана коопсуз болушуна шарт түзүлдү.
Көчүп келүүчү чабандар негизинен Болот Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан. Учурда көчүүнүн үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү мамлекеттик мекемелер жана кызматтар менен биргеликте иштер улантылууда. Бул багыттагы иштер Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын көзөмөлүндө турат.



