15.09.2025

Кароолор: (162)

ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫ ТОҢ РАЙОНУНДА БЕЛГИЛЕНДИ

2025-жылдын 13-сентябрында Тоң районунда СССРдин Эл артисти, залкар кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрацисы, мекеме-ишканалардын башчылары, Т. Океевдин жакын туугандары жана жердештери катышты. Бул маанилүү дата улуу режиссёрдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу эскерүүлөргө арналды.

Иш-чаранын алкагында Т. Океевдин өмүр баянына жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле видеоролик көрсөтүлүп, анда режиссёрдун кыргыз кинематографиясындагы орду жана дүйнөлүк кино искусствосуна тийгизген таасири тууралуу маалымат берилди. Көрсөтүлгөн видеолордо анын эң белгилүү чыгармалары — «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек», «Кызыл алма», «Кожожаш» тууралуу баяндалды.

Райондук маданият кызматкерлери жана «Кут» үй-бүлөлүк фольклордук ансамбли чакан концерттик программа тартуулап, көрүүчүлөргө чыгармачылык атмосфера тартуулашты. Иш-чаранын негизги максаты — жаш муундарды кыргыз кино искусствосунун тарыхы жана залкар режиссёрлордун мурасы менен тааныштыруу, чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттыруу болду.

Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Тоң районунун Туура-Суу айылында туулган. Ал СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр жана дипломат болгон. Анын чыгармачылык жолу Ленинграддагы киноинженерлер институтунан башталып, Москвадагы Жогорку режиссёрдук курстарда уланган. Өз эмгектери аркылуу кыргыз киносуна дүйнөлүк тааным алып келген. Дүйнөдөгү эң мыкты 100 тасманын катарына кирген «Бакайдын жайыты» анын чыгармачылыгынын бийик чокусу катары таанылган.

1993–1998-жылдары Т. Океев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп, кыргыз-турк мамилелеринин чыңдалышына жана эл аралык достуктун бекемделишине чоң салым кошкон. Ошондой эле ал жаш кинорежиссёрлорду тарбиялаган устат катары да белгилүү. Алардын арасында Дооронбек Садырбаев сыяктуу таланттуу инсандар бар.

Тоң районунда өткөрүлгөн эскерүү иш-чаралары Төлөмүш Океевдин эмгегин гана эскербестен, анын чыгармачылык жана адамдык сапаттарын жаш муундарга үлгү катары калтырууну максат кылат. Бул багыттагы иш-чаралар райондун мектептеринде жана маданият мекемелеринде улантылууда.

Төлөмүш Океев 2001-жылдын 18-декабрында Түркияда дүйнөдөн кайткан. Бирок анын эмгектери жана таасири кыргыз искусствосунда, кино тармагында жана коомчулукта түбөлүк сакталууда. 2002-жылы «Кыргызфильм» киностудиясына анын ысымы ыйгарылып, залкар режиссёрдун мурасы кийинки муундарга жеткирилүүдө.