22.04.2026

Кароолор: (3)

Тоӊ районунун аймагында Кыргыз Республикасынын №800 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” кенешме өтту

2026-жылдын 22-апрелинде Тоӊ райондук  прокуратурасынын демилгеси жана Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен кеӊейтилген кеӊешме өткөрүлдү. Кеӊешмеге Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Б.А.,  Тоӊ райондук сотунун төрайымы Талантбекова А.Т., Тоӊ районунун прокурору Каримов К.А., Тоӊ райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Илимгазиев Ш.Т., тиешелүү мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылары, мектеп директорлору, ички иштер кызматкерлери, дин кызматкерлери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Кеӊешмеде  Тоӊ районунун аймагында Кыргыз Республикасынын №800 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу жана  үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө жана жаш жете электердин эрте никеге туруу фактылары тууралуу маселелер каралды. Кеӊешменин жүрүшүндө райондун аймагында зордук-зомбулук фактылары көбөйүп жаткандыгы айтылып, алдын алуу чараларын күчөтүүнүн багыттары талкууланды. Алдын алуу субъекттерине мыйзамга ылайык милдеттерди так аткаруу, профилактикалык программалардын натыйжалуулугун камсыз кылуу милдеттендирилди. Ошону менен катар айыл өкмөт башчылары, тиешелүү мекемелердин жеткечилери алдын алуу иш-чараларына жеке катышуусу боюнча тапшырмалар берилди.  Кеӊешменин жыйынтыгында протоколдук тапшырма кабыл алынып, көзөмөлгө коюлду.