24.10.2025

Кароолор: (121)

ТОӉ РАЙОНУНДА “ТОӉ РАЙОНУ — ЭТНО-ЭКОТУРИЗМДИН ОЧОГУ” АТТУУ ФОРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 24-октябрында Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бактыбек Осмоновдун тапшырмасы менен “Тоӊ району — этно-экотуризмдин очогу” аталышындагы форум болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — райондун туризм тармагындагы жетишкендиктерди чагылдыруу, потенциалды арттыруу жана этно-экотуризмди өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун аныктоо болду.

Форумга Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү жана колдоо фондунун өкүлдөрү, “Ысык-Көлдүн тескей жээги” дестинациясынын мүчөлөрү, туризм тармагында эмгектенген ишкерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү жарандар катышты.

Иш-чара улуттук кол өнөрчүлүк жана салттуу тамак-аш көргөзмөлөрү менен башталып, район аймагындагы туристтик жайлар боюнча маалымат такталары коюлду. Форумдун маданий бөлүгүндө үй-бүлөлүк фольклордук “Кут” тобу чакан концерт тартуулап, катышуучуларга элдик ыр-күүлөр аркылуу Тоӊ аймагынын маданий өзгөчөлүгүн чагылдырды.

Жыйындын жүрүшүндө туризм тармагындагы учурдагы абал, жетишкендиктер жана көйгөйлөр кеңири талкууланды. Катышуучулар тарабынан райондун туристтик инфраструктурасын жакшыртуу, экологиялык жана этнографиялык туризмди өнүктүрүү, жаңы инвестицияларды тартуу сыяктуу маселелер боюнча сунуштар айтылды. Форумдун жүрүшүндө презентациялар көрсөтүлүп, атайын видеоматериалдар сунушталды.

Мындан тышкары, туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон бир катар ишкерлер жана коомдук ишмерлер райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Форумдун соңунда катышуучулар тарабынан атайын резолюция кабыл алынып, анда Тоӊ районунда этно-экотуризмди мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштар жана багыттар белгиленди.

Бул форум Тоӊ районунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу, жаратылыш жана маданий мурастарды сактоо, ошондой эле жергиликтүү жарандарды туризм тармагындагы иш-аракеттерге тартуу жагынан маанилүү кадам болуп калды.