28.10.2025
Кароолор: (24)
ТОӉ РАЙОНУНДА “ӨНӨР УСТАКАНАСЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
2025-жылдын 28-октябрында Тоӊ районунда жаштарды жана коомчулукту зомбулуктан сактоо максатында уюштурулган “Өнөр устаканасы” фестивалы болуп өттү. Иш-чара Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын 16.09.2025-ж. №409 чечимине ылайык, Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Осмоновдун колдоосу менен өткөрүлдү.
Фестивалга Тоӊ райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, №81 кесипчилик лицейинин студенттери, эмгек жааматы жана жогорку класстын окуучулары катышышты. Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында зомбулуктун алдын алуу, коомдук аң-сезимди жогорулатуу жана позитивдүү социалдык мейкиндикти түзүү болду.
Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Осмонов иш-чаранын маанисин белгилеп, мындай фестивалдар жаштардын коомдук аң-сезимин жогорулатууда жана коомдун өнүгүүсүнө салым кошууда чоң роль ойнорун айтты. Ал жаштарды мыйзамдуулукту сактоого, зомбулуктан алыс болууга жана коомдук активдүүлүктө активдүү болууга чакырды.
“Өнөр устаканасы” фестивалы Тоӊ районундагы жаштардын билимге жана социалдык жоопкерчилигине болгон кызыгуусун арттырып, коомдук гармонияны бекемдөөгө багытталган маанилүү чара катары бааланууда.











