28.11.2024

Кароолор: (56)

Темир-Канат айылындагы Б.Калпаков атындагы маданият үйүн ишке берүү аземи

2024-жылдын 28-ноябрында Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу Темир-Канат айылындагы Байсерке Калпаков атындагы 200 орундуу маданият үйүн ишке берүү аземи болуп өттү.

Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын акими Б.А.Осмонов, Тоң райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ү.С.Турсуналиева, жергиликтү кеңештин төрагасы М.Ж.Жунушалиев жана ардагерлер катышты.

Жалпы сметалык наркы 21 923 675 сомду түзгөн маданият үйүнүн курулуш иштери 2019-жылы башталып, Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, "Сан Энд Трейд" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп, ишке берилди.