20.10.2025

Кароолор: (43)

СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕР — КООМДУН АДАМДЫК ЖҮЗҮН САКТООЧУЛАР

Тоң районунда Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлеринин күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул күн — коомдун социалдык өнүгүүсүнө, муктаж жарандардын жашоосун жакшыртууга өз салымын кошкон эмгекчил адамдардын майрамы болуп саналат.

Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Осмонов катышып, социалдык коргоо жана социалдык фонд тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө аким социалдык кызматкерлердин коомдогу орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын эмгеги адамдын тагдырына, үй-бүлөлөрдүн жашоосуна түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи. Ошондой эле, ишинде мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлерге Ардак грамоталар жана эстелик белектер тапшырылды.

Майрамдык иш-чарага райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Т. Алчикеев, аялдар кеңешинин төрайымы Ж. Эркинбаева, Социалдык фонддун жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү жана социалдык кызмат алгандар катышышты. Алардын ар бири өз багытындагы кызматташтык жана бири-бирине болгон колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп өтүштү.

Салтанаттын жыйынтыгында райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан чакан концерттик программа тартууланып, катышуучулар майрамдык маанайда тарашты.

Социалдык кызматкерлердин күнү — бул жөн гана кесиптик дата эмес, ал коомдун адамдык жүзүн сактап турган эмгекчилдерге ыраазычылык билдирүүнүн күнү. Алардын мээримдүү мамилеси, сабырдуулугу жана жарандарга болгон камкордугу — ар бир аймактын руханий байлыгы.

Мындай иш-чаралар Тоң районунда адамга багытталган мамлекеттик саясаттын үзгүлтүксүз ишке ашып жаткандыгын дагы бир жолу далилдеди.