03.09.2025
Кароолор: (16)
Прокуратура – мыйзамдуулуктун кепилдиги

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышын камсыз кылуу боюнча маанилүү көзөмөл жүргүзүп келет. Бул багыттагы иштердин алкагында Тоң районунун прокурору Каримов Курсантбек Абдимомунович райондун айыл аймактарында жарандар менен түз диалог уюштурууну салтка айландырды.
Жакында прокурор Күн-Чыгыш, Б.Мамбетов, Ак-Терек жана Улахол айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп, элди кызыктырган актуалдуу маселелерди жеринен талкуулады. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун», Жер кодексинин, ошондой эле Өкмөттүн тиешелүү чечимдеринин талаптары тууралуу кеңири маалымат берилди.
Айрыкча, асылдыгы төмөн айыл чарба жерлерин пайдалануу тартиби, мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө, менчиктештирилип кеткен социалдык объектилердин тагдыры, айыл чарба багытындагы жерлерди калктуу конуштардын жерлерине которуу, ошондой эле жарандарга турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жол-жоболору тууралуу түшүндүрмө берилди.
Жарандар өздөрүн кызыктырган суроолорду түздөн-түз прокурорго берип, көйгөйлүү маселелерин ортого салышты. Жолугушуу ачык суроо-жооп форматында өттү.
Мындан тышкары, прокурор Каримов Курсантбек Абдимомунович айыл аймактарында көп жылдан бери бүткөрүлбөй келген жана курулушу башталып, бирок аягына чыкпай турган имараттарды жеринен көрүп, абалы менен таанышты.
Мындай жолугушуулар аймактагы мыйзамдуулукту чыңдоого, жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана көйгөйлөрдү өз учурунда чечүүгө өбөлгө түзөт. Тоң районунун прокуратурасы мындан ары да коом менен ачык диалог жүргүзүп, мыйзамдуулукту камсыз кылуу багытындагы иштерин уланта берет.